​“Таза коом” программасына 1 млрд. сом керектелет

1-Дек. 2017, Жума, 14:28

Мамлекеттик “Таза коом” санариптик трансформациялоо программасына 1 млрд. сом жумшалат. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, аталган программага керектеле турган каражат 2018-жылдын бюджетине киргизилген. Бөлүнгөн каражатка мектептер менен бала бакчаларга электрондук кезек киргизүү боюнча иштер да каралган.

Белгилей кетсек үстүбүзгөдү жылы бул программага бюджеттен 220 млн. сом жумшалган. Бул каражат документтерди электрондук форматка которуу, юридикалык жактарды электрондук каттоого өткөрүү, электрондук нотариус түзүү, архивдик документтерди цифралаштыруу жана айылдарда маалымат күркөлөрүн ачууга жумшалган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!