Электр энергиясына карата баа көтөрүлбөйт

1-Дек. 2017, Жума, 15:41

Быйылкы жылытуу мезгилинде электр энергиясына жана жылуулукка болгон баа көтөрүлбөйт. Бул тууралуу Жылуулук энергетикалык комплексти жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Таалайбек Нурбашев билдирди.

Анын айтымында, жылуулук энергетикалык комплексти жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жаңы баа саясатын иштеп чыгууда. 2018-жылы эсептөөлөр жүргүзүлүп, жаңы тарифтер иштелип чыгат.

Эскерте кетсек, электр энергиясын колдонуу көлөмү 700 кВт сатты түзсө анын баасы 77 тыйын болууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!