Үчүнчү Бишкек инвестициялык форуму өтөт

5-Дек. 2017, Шейшемби, 09:56

Эртең, 6-декабрда Бишкектеги “Дасмия” этно-комплексинде ЖИА бизнес ассоциациясы уюштурган Бишкек инвестициялык форуму 2017 (BIF 2017) өтөт.

Бул тууралуу ЖИАнын пиар менеджери Мунара Мураталиева “ZAMAN.KGге” билдирди.

Форумга Тажикстан, Өзбекстан, Индия, Туркия, Германия жана Сингапурдан келе турган бизнес делегация өкүлдөрү катышат.

Республиканын бардык аймактарынан келе турган ишкерлер бири-бири менен таанышып, байланыш түзүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Форумдун жүрүшүндө ийгиликтүү жана перспективдүү инвестициялык долбоорлор инвесторлорго сунушталып, катышуучулар экономика жана бизнес чөйрөдө болуп жаткан тренддерди, өзгөрүүлөрдү талкуулап, ишкер чөйрөдөгү өз ара кызматташтыктын жаңы багыттары ачылат.

Форумда 200 долбоордун ичинен тандалып алынып, бизнес жана инвестициялык аналитиктердин жардамы менен толукталып иштелип чыккан мыкты инвестициялык долбоорлор сунушталат. Бул долбоорлордун ичинде айыл-чарба продукцияларын кайра иштетүү, экспортко багытталган товарларды өндүрүү, кызмат көрсөтүү, курулуш жана башка преспективдүү тармактар бар.

Кыргызстанда инвестициялык форум биринчи ирет 2015-жылы өткөн. Анын жыйынтыгы менен $500 000 инвестициялык келишимдер түзүлсө, бир жылдан кийин, тагыраак айтканда экинчи форумда бул көрсөткүч 3 млн. долларга жеткен. ЖИА быйыл үчүнчү ирет өткөнү турган форумда көрсөткүч дагы жогорулайт деген ишенимде.

BIF - бул чакан жана орто бизнес ички жана сырткы инвесторлор, ири бизнес, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, бизнес коомчулук менен жолугуша турган аянтча.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!