​Бюджетке двиденттен 3,2 млрд. сом түшөт

5-Дек. 2017, Шейшемби, 17:02

Өкмөт 2018-жылы мамлекеттик үлүшү бар компаниялардан двидент түрүндө 3,2 млрд. сом алууну пландоодо. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин экономика жана Фискалдык саясат комитетинин жыйынында вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов билдирди.

Анын айтымында, 59 акционердик коомдо мамлекетттин үлүшү бар. 2015-жылы бул ишканалардан двидент катары мамлекетке 2 млрд. 78 млн. сом түшкөн. 2016-жылы 2 млрд. 176 млн.. Ал эми 2017-жылы 10 айда 2 млрд. 176 млн. киреше алган.

“Бүгүнкү күндө двиденттен түшкөн кирешенин негизги бөлүгү “Альфа Телеком”, аэропорт “Манас”, “Кыргызнефтегаз”, “Айылбанк”, “РСК Банктан” түшкөн каражаттар түзөт. Мамлекеттик баардык ишканаларда келечекте эки гана жол бар. Акционердик коом болушу же мамлекеттик макамына өтүшү керек”,-дейт Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси Дүшөнбек Зилалиев.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!