Бишкек инвестициялык форуму өтүп жатат

6-Дек. 2017, Шаршемби, 10:03

Үчүнчү Бишкек инвестициялык форуму башталды. Жалпы миң киши катышкан иш-чара Дасмия этно борборунда өтүүдө.

Ага вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов, Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова, инвестиция тартуу ишин коргоо жана илгерилетүү агенттигинин директору Эсенкул Момункулов катышууда.

Мындан сырткары форумга Тажикстан, Өзбекстан, Индия, Түркия, Германия жана Сингапурдан келген бизнес делегация өкүлдөрү келген.

Форумда 200 долбоордун ичинен тандалып алынган мыкты инвестициялык долбоорлор сунушталды.

Бул ирет өтүп жаткан форумга өлкөнүн түштүк аймактарынан келген ишкерлерге өзгөчө көңүл бурулары белгиленди.

ЖИА бизнес ассоциациясынын төрагасы Темирбек Ажыкулов форумду ачып, келген жалпы конокторго ыраазычылыгын билдирди. Кеңири аймактагы камтыган бул иш-чара өз ара тажрыйба алмашып, аймактардан келген иншкерлерди бири-бири менен, инвестор менен жолуктуруучу ыңгайлуу аянтча болуп жатканын белгиледи.

Форум быйыл үчүнчү ирет өтүп жатат. Биринчи форумда ишкерлер менен инвесторлор 75 миң доллар өлчөмүндө келишим түзсө, өткөн жылы бул көрсөткүч 3 млн. сомго жеткен. Уюштуруучулар бул көрсөткүч быйылкы жылы эки эсе көп болорун айтышууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!