​ГЭС курууга эки инвестор кызыгып жатыптыр

7-Дек. 2017, Бейшемби, 13:36

Жогорку Нарын каскады ГЭСин курууга эки ишкана кызыгууда. Бул тууралуу өкмөт башчы Сапар Исаков маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Нарын каскады ГЭСин курууга кызыгып жаткан ишканалар потенциалдуу инвесторлор. Учурда сүйлөшүү жүрүп жатат.

"Буга чейин ГЭСтин курулушуна байланыштуу көп сөздөр болду. Бул ирээт мамлекеттик кызыкчылыгы корголот деп айта алам. Долбоорду аягына чыгарабыз”,- деди Исаков.

Өкмөт башчы учурда Камбар-Ата-1 долбоорундагы Россиянын үлүшүн сатып алуу аракети көрүлүп жаткандыгын кошумчалады.

“Техникалык экономикалык түшүндүрмө 5 млн. доллар турат. Андан тышкары Россия тарап киргизген акча да бар. Жакын арада алда чечилет”, -деп кошумчалап кетти өкмөт жетекчиси.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!