Борбор Азия өлкөлөрү менен соода 4 эсе өскөн

7-Дек. 2017, Бейшемби, 15:54

Жыл башынан бери Кыргызстандын Борбордук Азия (БА) өлкөлөрү менен болгон соода жүгүртүүсү 950 млн. долларды түзгөн. Бул тууралуу бизнес форумдун жүрүшүндө Инвестицияны жылдыруу жана коргоо агенттигинин директору Эсенгул Момунов билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылы БА өлкөлөрү менен болгон товар алмашуу өткөн жылга салыштырмалуу 4 эсе өскөн.

“Кыргызстандын БА өлкөлөрү менен болгон соода жүгүртүүсү 950 млн. долларга жеткен. Ушуну менен эле бирге БА болгон мүмкүнчүлүгү толук пайдаланылган эместигин белгилеп кетүү зарыл. БА учурда саясий жана экономикалык кайра түзүлүүнү башынан өткөрүп жатат. Биргелешкен үзүрлүү аракеттер жана аймактык жалпы кызыкчылык керек”,-дейт Момунов.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!