Бюджеттин тартыштыгы 11 млрд. сомго жетти

13-Дек. 2017, Шаршемби, 13:30

10 айдын жыйынтыгында респуликалык бюджеттин тартыштыгы 10,9 млрд. сомго жетти. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, кирешенин жалпы көлөмү 106,3 млрд. сомду камтыган, ал эми чыгашанын көлөмү 117,2 млрд сомго жеткен.

Белгилей кетсек 2017-жылы бюджеттин тартыштыгы 20,8 млрд сомго жетери болжолдонгон. Башкача айтканда соңку 2 айда киреше менен чыгашанын ортосундагы ажырым ыкчам өсүшү мүмкүн.

Каржы министрлигинин билдиргенине ылайык тартыштыкты жабуу булактары толук бойдон каралган. Каражат сырткы насыя берүүчүлөрдөн жана ички булак мамлекеттик баалуу кагаздарды сатуудан түшкөн каражат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!