​Мигранттар 2 млрд. доллардан ашык которгон

18-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 15:33

Чет өлкөдө эмгектенген мигранттар ушул жылдын он айында Кыргызстанга 2 млрд. 88,73 млн. доллар которгон. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Маалыматка караганда, жыл башынан бери мигранттар тарабынан которуган каражаттын көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 468,73 млн. долларга көптүк кылат. Анын ичинен Россиядан 2 млрд. 44,43 млн. доллар которулган. 2016- жылдын ушул убагында 1 млрд. 590,63 млн. доллар келген. Ал эми калган бөлүгү, Казакстан жана алыскы чет өлкөлөрдөн кирген.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 10 айында чет өлкөдө иштеп жүргөн жарандар Кыргызстанга 1 млрд. 615,11 млн. доллар жөнөткөн. Чет жактарда 1 миллионго жакын кыргызстандык иштеп жүрөт. Алардын 80 пайызы Россияда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!