​Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу башталабы?

23-Дек. 2017, Ишемби, 10:32

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча жолугушуу болот. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ташкент шаарында 27-декабрда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу боюнча министрликтердин деңгээлиндеги үч тараптуу жолугушуу өтөт. Ага чейин 25-декабрда Ташкентке Кыргызстандан адистер тобу барат.

Буга чейин өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов менен жолугушуу учурунда Кыргызстан үчүн тышкы рынокко чыгууда темир жол куруу өтө маанилүү экенин белгилеген. Ошондой эле эксперттик топту жолугушууга жакшы даярдык менен барууну тапшырган.

Эскерте кетсек, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу идеясы 2000-жылдары башталган. Аталган долбоорго 6,5 млрд. доллар керектиги аныкталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!