​2023-жылы энергия өндүрүү жогорулайт

25-Дек. 2017, Дүйшөмбү, 16:57

2023-жылга Кыргызстандын энергоситемасынынын кубатуулугун жогорулатуу пландалууда. Бул тууралуу Өкмөт башчы Сапар Исаков жыйындын жүрүшүндө Билдирди.

Анын айтымында, 2023-жылга чейин Токтогул ГЭСин реаблитациялоо, Камбарата ГЭСинин экинчи агрегатын ишке киргизүү, Ат-Башы ГЭСин модернизациялоо жана 11 чакан ГЭСтерди ачуу аркылуу Кыргызстандын энерго ситемасынын кубаттуулугу 525 мВтга жеткирилет .

Жыйынтыгында 2025-жылга өлкөдөгү электр энергиясын жылына 16-17 млрд. кВт саат өндүрүүгө жетишет. Бул долбоорлорду ишке ашыруу бир гана өлкөнү электр кубатуулугу менен камсыздабастан “CASA-1000” долбоорунун алкагында экспортко чыгууга шарт түзөт.

Акыркы жылдары да Кыргызстанда энерго секторунда бир катар алгылыктуу ишетр жасалды. Бишкек жылуулук энергия борборун модернизациялоо, “Камбарата2” ГЭСин куруу, Датка-Кемин көмөк чордонун ишке киргизү сыяктуу иштер энергия өндүрүүдө 280 мВт саатты камсыздоого жетишти.

Ошондой эле заманбап автоматташтырылган эсептегичтерди орнотуу менен электрдин жоготууларын эки эсе кыскарты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!