​Өкмөт: “Кыргызмунайгаз” инвестицияга муктаж

27-Дек. 2017, Шаршемби, 09:55

“Кыргызмунайгаз” ишканасын мындан ары карай өнүктүрүү үчүн инвестиция тартуу зарыл. Бул тууралуу өкмөт башчы Сапар Исаков Жалал-Абад облусундагы жумушчу сапарынын алкагында Кочкор-Ата шаарында жайгашкан аталган ишкананы көрүү учурунда билдирди.

Анын айтымында, аталган ишканада жумуш орундарын сактап жана өндүрүш кубаттуулугун жогорулатуу зарыл.

“Ал үчүн ири инвестициялар керек, инвестицияларды тартуу улуттук кызыкчылыкты жана заманбап тажрыйбаны эске алуу менен жүрүш керек. Жаңы технологиялар киргизилбесе, “Кыргызмунайгаздын” келечеги болбойт. Жакын арада бул маселе боюнча ири чет элдик инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрөт. Биз өлкөдөгү токтоп турган ишканаларды кайра жандандырып аймактарда жумуш орундардын түзө турган жаңыларын курушубуз милдет. Бул келечекте салык жана башка кирешелердин көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет”, – деди Сапар Исаков.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!