​Россияга жөнөтүлгөн капуста артка кайтарылды

28-Дек. 2017, Бейшемби, 12:16

Россиянын Россельхознадзорунун Алтай аймагы жана Алтай республикасы боюнча башкармалыгы Кыргызстандан барган 20 тонна капустаны кайра артка кайтарды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын сайтында кабарланган.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын жараны Россиянын аймагында сатуу максатында милдеттүү документтери, фитосанитардык сертфикаты жок кооптуу азык түлүктү алып кирүүгө аракет кылган.

Эл аралык карантиндик мыйзамга ылайык карантинге киргизилген продукцияны Россиянын аймагына алып кирүүгө тыюуу салынат. Ошого ылайк Кыргызстандан келген азык жүктөлгөн унаа артка кайтарылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!