​Жыл жыйынтык: экономикада эмне өзгөрүү болду?

29-Дек. 2017, Жума, 11:47

Өтүп бара жаткан жыл каржылык жактан туруктуу болду. Доллардын ыкчам жогорулоосу болгон жок. Бирок эмгек мигранттарынан акча которуулар өсүп аны менен бирге айрым товарлардын баасынын жогорулаганы байкалды. Ошондой эле мамлекеттик карызда өстү.

Өкмөттүн жана эл аралык каржы уюмдарынын алдын ала божомолдоруна ылайык жыл аягында өлкөнүн экономикасынын өсүү темпи 3 пайыздан төмөн болбойт. Ички дүң өндүрүмдүн (ИДӨ) көлөмү жыл соңунда аз дегенде 15 млрд. сомду түзөөрү күтүлүүдө.

ИДӨ

Улуттук статисика комитетинин маалыматына ылайык жыл ичинде өлкөнүн ИДӨнүн өсүшү бир аз жайлап калган. ИДӨнүн өсүүсү жыл башында жакшы жүргөн, өсүүнүн жайлашы жылдын аяк ченинде байкалган. Мындай болушуна кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу экенин айтылып келет. Чек арада түзүлгөн кырдаалдан келип чыккан жоготуу акчалай эсептегенде 1,5 млрд. сомго жакын болгондугу болжолдонууда.

Үстүбүздөгү жылдын 11 айынын жыйынтыгы менен алганда ИДӨнүн жалпы көлөмү 430,1 млрд. сомду түздү. Бул көлөмдү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда өсүү 4 пайызды камсыз кылган. Ал эми 2016-жылы анын жогорулоосу 4,2 пайыз болгон.

Өндүрүш

Өтүп бара жаткан жылыда өндүрүштө да өйдө жылыштар бар. Жыл аягындагы көрсөткүч боюнча өндүрүштүн көлөмү 12,5 пайызга өскөн. Бул көрсөткүч акыркы 26 жылдын ичиндеги эң жогорку көрсөткүч болуп калды. Кумтөрдөгү алтын өндүрүүнү эске албаганда өлкөнүн өндүрүшү 21 пайызга өйдөлөгөн.

Ошондой эле азык-түлүк өндүрүүдө да жылыштар бар. Алсак: консерваланган жер-жемиш жана мөмө-жемиштин көлөмү 2,4 эсе, кумшекер 1,5 эсе, ун жана акталган дан азыктары 23,9 пайызга жана сүт азыктары 9,7 пайызга жогорулаган.

Соода-сатык

Кыргызстандын экономикасын булагы бир гана мигранттардын акчасы эле түзбөстөн сырткы соода алкаларында жогорку ролду ойнойт. Январь-октябрь айларынын ортосундагы жыйынтыкты карасак Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 4 млрд. 929,9 млн. долларды түзгөн. Анын ичинен импорттун үлүшү 7,3 пайызга жогорулап 3,5 млрд. долларды түзгөн болсо, экспорттун жогорулоосу 12,1 пайызга жеткен.

Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) алкагындагы өлкөлөр менен болгон соода алакалары да көңүл жылытаарлык. ЕАЭБги өлкөлөр менен 1 млрд. 872,6 млн. доллар өлчөмүндө товар алмашуу болгон. Башкача айтканда биримдик өлкөлөрү менен соода жүргүртүү 8 пайызга жогорулаган. Экспорттун көлөмү 486,1 млн. долларга жеткен же өткөн жылга салыштырмалу 26,6 пайызга өскөн. Ал эми импорттун өсүүсү 3,6 пайызды камсыздап, 1 млрд. 386,5 млн. доллардын чегине жеткен.

Ал эми узап бараткан жылдын 11 айында Борбордук Азия өлкөлөрү менен болгон товар алмашуу 950 млн. долларга жетти. Расмий маалыматтарга таянсак Борбор Азия өлкөлөрү менен болгон соода байланыштары 2016-жылга салыштырмалуу 4 эсе өскөнүн көрүүгө болот.

Баалар

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык жыл башынан бери товарлардын баасында өйдө ылдый өзгөрүүлөр болгон.

Жыл башында күнүмдүк тиричиликте керектөөлүчү товарларга болгон баанын жогорулоосу 2,9 пайызды түзгөн. Ал эми ноябрь айында баанын өсүүсү 0,9 пайызды көрсөттү.

Азык-түлүк менен суусундуктун наркы жалпы алганда 1,2 пайызга өскөн. Картошка, алма, эт, печенье жана балдын наркы жогорулаган. Ал эми кумшекер, кургатылган мөмө-жемиш, жаңгактар, жумуртка, туз, күрүч, өсүмдүк майы жана сүт арзандаган.

Ошондой эле күнүмдүк тиричиликте керектелүүчү товарларда да кымбаттоо-арзандоолор болгон. Көмүр, цемент жана күйүүчү-майлоочу майдын баасы өскөн.

Инфляция

Күнүмдүк керектелүүчү товарларга болгон баанын өсүүсү инфляциянын болушуна өз тасирин тийгизбей койгон жок.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловтун айтымына караганда, жыл башындагы ички керектөөнүн жана тышкы суроо талаптын көрүнүшүндө жылдык инфляция 3,8 пайызга чейин өскөн. Кийинчерэк инфляциянын термелүүсү 3,3 менен 4,1 пайыздын ортосунда болгон. Ал эми 15-декабрга карата анын көрсөткүчү 3,7 пайызды түздү.

Бюджет

Каржы министрлигинин билдиргенине таянсак 2017-жылдын 10 айында бюджеттин кирешеси боюнча план 0,7 пайызга ашыгы менен аткарылган, башкача айтканда бюджеттин жалпы көлөмү 117 млрд. 996,7 млн. сомду түзө алды. Бюджеттин киршеси өткөн жылдын ушул айларына салыштырмалуу 14,7 пайызга өскөн. 2016-жылы бюджеттин көлөмү 2017-жылдын бюждетине караганда 15 млрд. 153,6 млн. сомго көп болгон. Бюджеттин кирешесинин көбөйүүсү салыктык түшүүлөрдүн, салыктык эмес жана трансферттерден түшкөн кирешенин эсебинен болгон. январдан бери салыктан 82 млрд. 488,8 млн. сом түшкөн.

Мигранттардын акчасы

Ал эми Улуттук банкттын маалыматына таянсак жыл башынан бери сыртта эмгектенип жүргөн мигранттардын Кыргызстанга которгон акчасынын көлөмү 2 млрд. 83,6 млн. долларга жеткен. Бул көлөм өткөн жылга салыштырмалуу 423,4 млн. долларга көптүк кылат. Башкача айтканда, акча которуулардын көлөмү 20 пайызга өскөн. Которулган каражаттын негизги бөлүгү Россиядан келген.

Мамлекеттик карыз

Каржы министрлигинин билдиргение ылайык жыл башынан бери мамлекеттик карыз 7,2 пайызга же 292,1 млн. долларга өсүп 1-ноябрга карата жалпы карыздын көлөмү 4 млрд. 357.5 долларды түзгөн.

Үстүбүздөгү жылдын 11 айында мамлекеттик карызды жоюуга 19 млрд. сом же 273 млн. доллар сарптады. Мамлекеттик карызды жоюуга өткөн жылдагыдан 500 млн. сомго аз каражат жумшалган. Анын 9,1 млрд. сому сырткы карыз үчүн керектелсе ички карызды кыскартууга 9,9 млрд. сом керектелген.

Айта кетүүчү нерсе өлкөнүн тышкы карызында бираз азаюу болду Россия Кыргызстандын 240 млн. долларга барабар карызын кечти.

Кыргызстан баарынан көп Кытайдын экспор-импорт банкына 1 млрд. 629,13 млн. доллар карыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!