​Өнүктүрүү фонду чакан ишкерликке көмөктөшөт

29-Дек. 2017, Жума, 13:03

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду чакан бизнести каржылоо программасына 10 млн. доллар бөлөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өкмөт “Чакан бизнес субъекттилерин каржылоо” программасын баштады. Аны ишке ашырууга өнүктүрүү фондунан каражат бөлүнөт. Чакан бизнестин насыя берилүүчү субъекттилерин өнүктүрүү фонду тарабынан тандалат.

Бул насыяны айыл-чарба өндүрүшүндө, тигүү тармагынды кездеме токуу жана кайра иштетүү багытында иш жүргүзгөндөр ала алат.

Мындан сырткары аймактарда иш алып барган ишканалар, айыл жергесинде ата мекендик продукция чыгаруучулар, ошондой эле аймактарда топтоо, маркетинг жүрүзүү жана айыл-чарбасында ата мекендик продукцияларды өндүрүүнү ишке ашыруучу соода-логистикалык компанияларга көңүл бурулат.

Мындай жеңилдиктер туризм жана экономиканын баардык тармагында экологиялык жактан таза жана заманбап жогорку технологиялык продукция өндүрүүчүлөргө да жеткиликтүү болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!