​Бажы кызматкерлери ЕАЭБке зыян келтиришти

29-Дек. 2017, Жума, 13:55

Кыргызстандык бажы кызматкерлери ЕАЭБке зыян келтиришти. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 19-октябрда Ош бажысынын кызматкери А.К. тиешелүү логин менен Мамлекеттик бажы кызматынын “Экспорт” процедурасы бузулган. Белоруссия, Грузия жана Кытайдан келген товарлар боюнча маалыматтар өзгөртүлгөн.

Алдын ала маалыматка караганда бул мыйзам бузуудан ЕАЭБке 26 млн. 386 миң сом зыян келтирилгендиги аныкталган.

Бул факт боюнча кылмыш иши козголду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!