Салык декларациясын кабыл алуу башталды

11-Янв. 2018, Бейшемби, 10:14

2017-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу өнөктүгү башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, декларацияны тапшыруу өнөктүгү жыл башынан тарта эки этапта өтөт. 2018-жылдын 1-мартына чейин ата-мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, өлкө аймактарында ишмердигин жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү.

1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жана жер участогу бар жеке жактар, ошондой эле, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин жүргүзгөн фермердик чарбалар да бирдиктүү салык декларацияны тапшырышы керек.

Үстүбүздөгү жылдан тартып мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер декларацияларын электрондук түрдө салык органына гана тапшырат.

Декларацияны өз убагында тапшырбагандыгы үчүн жеке жактарга 2000 сом жана юридикалык жактарга 10000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!