​ИДӨнүн үлүшү 493 млрд сомду камсыздады

12-Янв. 2018, Жума, 12:56

Өлкөнүн ички дүң өндүрүмү (ИДӨ) 493 млрд. сомду түздү . Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымына караганда, 2017-жылы ИДӨнүн көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 4,5 пайызга жогору болгон. Ал эми Кумтөр ишканасын эске албаганда ИДӨ 445 млрд. сомго жетти.

Негизги көрсөткүчтөрдүн ичинен өнөр-жай продукциясынын өндүрүлгөн өлчөмү 231 млрд. сом болгон. башкача айтканда 11,5 пайызга өскөндүгүн байкоого болот.

“Өнөр-жай продукциясынын үлүшүнүн жогорулоосу металл рудасы жана чийки мунай өндүрүүнүн көбөйүшү менен камсыздалган. Ошондой эле желим, металл эмес катуу буюум, тамак-аш жана чылым продукцияларын чыгаруу да жогорулоого өз салымыдарын кошо алган”,-дейт Султанов.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!