​Электрондук патент киргизилет

12-Янв. 2018, Жума, 17:27

Бишкек Ош шаарларында электрондук патент киргизилет. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өкмөт аталган шаарларга электрондук патентти пилоттук режимин киргизүүнү пландап жатат. Ал үчүн жарандардын электрондук санарип кол тамгасы болушу керек.

Экономика министрлиги Бишкек жана Ош шаарларында электрондук патент ситемасын тестирлөө боюнча токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Аталган документке ылайык электрондук патенттерди 1-апрелден 30-июнга чейин берүү пландалууда. Аталган системаны программалык камсыздоого 4,7 млн. сомдун тегерегиндеги каражат керектелет. Бул системаны түзүүчүлөрдүн айтымында, бул демилгени ишке ашыруу каражатын чет өлкөлүк донорлор каржылайт.

Кыргызстандыктар патент сатып алуу менен киреше салыгы катары белгиленген өлчөмдөгү акча төлөйт. Анын бир бөлүгү Социалдык фондго кетет.

Эскерте кетсе, учурда жаран патенттин ай сайын жаңылап турушу керек. Анын баасы ишкердиктин түрүнө жараша болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!