Темир жол аркылуу 7 млн тонна жүк ташылган

16-Янв. 2018, Шейшемби, 09:54

“Кыргызтемиржолу” мамлекеттик ишканасы 2017-жылы 7 млн. тоннага жакын жүк ташыды. Бул тууралуу “Кыргызтемиржолу” мамлекеттик ишканасы билдириди.

Маалыматка караганда, “Кыргыз темир жолу” өткөн жылы жүк ташуунун көлөмүн 114,4 пайызга чейин жогорулатууга жетишкен. Башкача айтканда, 2017-жылы 6 млн. 900 миң тоннадан ашык жүк ташылган.

Темир жол аркылуу негизинен курулуш материалдары, күйүүчү майлар жана өнөр жай жабдуулары ташылган. Натыйжада жүктөрдү айлантуунун жалпы көлөмү 906, 3 млн. тонна чакырымдан ашкан.

Мындан тышкары 2017-жылда жалпысынан 310 миң 800 жүргүнчүгө кызмат көргөзгөн. Анын ичинен эл аралык каттамдарда 28 миң, жергиликтүү каттамдарда 282 миң 800 адам ташылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!