Алтын акча кору 2 млрд. доллардан ашты

16-Янв. 2018, Шейшемби, 15:38

Улуттук банктын алтын акча кору жыл ичинде 207 млн. 360 миң долларга өстү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Маалыматка караганда, 2016-жылдын декабрь айынын аягындагы алтындын кору 1 млрд. 969 млн. 130 миң долларды түзгөн.

Өткөн жылы мамлекеттин башкы банкы өлкөдөгү валюта рыногун жөнгө салуу үчүн 34,5 млн. доллар сатып алган болсо, кайра 81,5 млн. доллар саткан.

Белгилүү болгондой өлкөдө валюталардын курсу термелүүчү, ал рыноктогу суроо талапка көз каранды. Улуттук банк валюта рыногундагы термелүүнү алтын акча корунун жардамы менен жөнгө салып турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!