Өнөр-жайда 11 пайызга жогорулоо болгон

22-Янв. 2018, Дүйшөмбү, 09:53

Өткөн жылы өлкөнүн өнөр-жай өндүрүшү 11 пайызга жогорулап 231 млн. сомду түздү. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казыналарын пайдалануу мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка караганда, негизги металл, алтын, электр энергиясын өндүрүү, тамак-аш азыктарын чыгаруу тармактарындагы жогорулоо өнөр-жайдын өсүшүн камсыздаган.

Ошондой эле 2017-жылы курулуш материалдарын чыгаруу, металл рудаларын казуу, кийим тигүү тармактарында жана мунайды кайра иштетүү тамагында да өсүш болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!