​Салык эмес жыйымдан 27,3 млрд. сом түшкөн

3-Фев. 2018, Ишемби, 10:56

2017-жылы бюджетке салык эмес келип түшүүдөн 27 млрд. 355,3 млн. сом түшкөн же коюлган план 99 пайызга аткарылган. Бул тууралуу Каржы министри Адылбек Касымалиев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымына караганда, 2016-жылга салыштырмалуу өткөн жылы салыктык эмес жыйымдын көлөмү 12,4 пайызга көбөйгөн. Анын өсүүсүнө негизинен ижара жыйымдары, административдик жыйымдар жана төлөмдөр, айып санкциялары жана башка салыктык эмес кирешелердин жогорулоосу түрткү болгон.

Өткөн жылдын 12 айында келген гранттардын көлөмү 13 млрд. 359,2 млн. сомду түзгөн. Бул 2016-жылга салыштырмалуу 3 млрд. 482,1 млн. сомго көптүк кылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!