Соодадан 21 миллион киреше кирди

5-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 12:40

Жалал-Абад шаарындагы соода, коомдук тамактануу жайларынын ишмердигинен өткөн 2017-жыл ичинде шаар казынасына 21 миллион 146,6 миң сом келип түшкөн. Бул блжолдуу пландагыдан көптүк кылат. Бул тууралуу шаардагы Керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаменти билдирди.

Болжолдуу план боюнча өткөн жылы шаар казынасына 20 миллион 943,7 миллион сом келип түшүүсү керек болчу, иш жүзүндө 202,9 миң сом көп киреше көп түшүп, өсүү темпи дээрлик 101 пайызга аткарылды. Эми быйылкы жылы түшө турган кирешенин көп болорлугу айтылууда.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарында 110дон ашуун кафе-ресторан жана башка коомдук тамактануу жайлары, 25тен ашуун соода жайлары, бир нече ири базарлар бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!