​Мегакомго экинчи компания кызыгып жатат

6-Фев. 2018, Шейшемби, 14:30

Дагы бир компания Мегакомдун 100 пайыз акциясын сатып алууга кызыктар. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду билдирди

Маалыматка караганда, швейцариялык “ALF Consulting SA” компаниясынын каржы директору Мари Гамерданже Мүлк фондуна Мегакомдун 100 пайыз акциясын сатып алууга кызыктар болуп жаткандыгын билдирип кат жиберген.

Эскерте кетсек, 9-январда “Мегаком” компаниясын “Акылдуу шаар” долбоорунун инвестору “АКА минералз энд майнинг” компаниясы сатып алуу сунушун берген эле.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!