Жаңы кендер ишке кирет

8-Фев. 2018, Бейшемби, 11:10

Өлкөдө дагы 5 кен ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, 2018-2025-жылдарга карата өлкөнүн өнөр жайын туруктуу өнүктүрүү боюнча программа иштелип жатат. Кыргызстанда учурда 9 алтын кен иштеп жатат, андан тышкары дагы 5 кенди ишке киргизүү планда бар.

Аталган программа аймактардагы өнөр жайды өнүктүрүүгө шарттарды түзүү боюнча керектүү чараларды иштеп чыгууга багытталган, ошондой эле, шаарлардын өнөр жай аймактарында башкаруунун кластердик принциптерин киргизүү менен жумушчу күчтөрдү жайгаштыруу маселелерин камтыйт.

Өз кезегинде Жээнбеков аймактарда жаңы өнөр жай объектилерин ишке киргизүүнү ылдамдатып, дүйнөлүк экономикалык коомчулукка интеграция болуу үчүн санарип технологияларга өтүү мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгуу зарылдыгын айтты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!