​Январда бюджеттин кирешеси 10 млрд. сомду түздү

17-Фев. 2018, Ишемби, 14:44

Үстүбүздөгү жылдын январында мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү 10 млрд. сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 2018-жылдын январында мамлекеттик бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 9 млрд. 994,3 млн. сомду же белгиленген пландык тапшырманын 105,5 пайызын түздү . 2017-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу бюджеттин жалпы кирешеси салыктык кирешелердин, салыктык эмес кирешелердин жана алынган расмий трансферттердин түшүүлөрү өскөндүгүнө байланыштуу 21 пайызга же 1 млрд. 737,4 млн сомго өскөн.

Мамлекеттик инвестициялардын гранттарын жана атайын эсептердин каражаттарын эсепке албаганда, жалпы киреше планы 112,9 пайызга аткарылды. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жалпы киреше көлөмү, мамлекеттик инвестициялардын гранттарын жана атайын эсептердин каражаттарын кошпогондо, 1 млрд. 639,2 млн. сомго же 21,4 пайызга көбөйдү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!