Өткөн жылы 10 ири ишкана ишке кирген

19-Фев. 2018, Дүйшөмбү, 12:07

Кыргызстанда 2017-жылы тамак-аш жана кайра иштетүү өндүрүш багытында 10 ири ишкана ишке кирди. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, ишканаларга тартылган инвестициялардын жалпы көлөмү 735,9 млн. сомду түзгөн. Ишканаларынын ишке кириши менен 300 ашык кошумча иш орундары түзүлгөн.

Ачылган ишканалардын ичинде жер-жемиштерди жана жашылчаларды сорттоо цехи, күнөскана, логистикалык борбор, жер-жемиштер менен жашылчаларды консервалоо, эт, мөмө-жемиштерди кайра иштетүү ишканалары, айыл чарба азыктарын муздаткычта сактоо жайлары бар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!