​Ошто ири фабрика курулат

24-Фев. 2018, Ишемби, 15:06

Ош шаарында 7 миң жумуш орундуу кийим тигүүчү фабрикасы курулат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.

Маалыматка караганда, шаар мэриясы фабриканы куруу үчүн Кең-Сай айылынан 25 гектар жер бөлүп берген. Фабрикага кошумча жумушчуларга социалдык объектилер жана жатакана курулат.

Ал эми учурда шаарда “ЖБИ-20” өндүрүш ишканасынын курулушу башталды. Бул ишкана мембрана пакетин жана эт азыктарын кайры иштеп чыгарат. Аталган ишкана Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!