​“Мегакомго” кореялык компания кызыгууда

28-Фев. 2018, Шаршемби, 17:22

“Мегаком” компаниясын сатып алууга Түштүк Кореялык “Goldenkey Asset Investment & Management” деп аталган компаниядан кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду кабарлады.

Маалыматка караганда, аталган компания “Альфа Телекомдун” акцияларынын 100 пайызын сатып алууга кызыгууда. Кайрылуу мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте кароо үчүн “Альфа Телекомго” (“Мегаком”) жөнөтүлдү.

Эскерте кетсек, 2015-жылы Кыргыз өкмөтү “Мегакомду” алгач сатыкка чыгарган. Үч ирээт сынак жарыяланып, кызыккан инвестор чыкпагандыктан сатылган эмес. 2017-жылы ишкана 13 млрд. 500 млн. сомго бааланып, аны түз сатуу жөнүндө чечим кабыл алынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!