​CASA-1000 долбоорунда иш болуп жатат

24-Март 2018, Ишемби, 10:34

15 жылга эсептелген CASA-1000 долбоору жигердүу фазага өттү. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана кен казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрага орун басары Азамат Оморов билдирди.

Анын айтымында, CASA-1000 15 жылга эсептелген узак мөөнөттүү долбоор, Борбордук жана Түштүк Азиянын бириктире турган электр энергиясын өткөрүү линиясы болот. Ал жылына 500 млн. кВт сааттан 1,5 млрд. кВт саатка чейинки электр энергиясын экспорттоого эсептелген. Эгер мамлекет тиешелүү көлөмдүү бере албай калса, кийинки жылы толуктап бере алат.

Учурда ар бир мамлекет бул линиянын тилкелеринде иштей турган аткаруучуларды тандап жатат. Чарба субъектилери ортосунда келишимдер түзүлгөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!