Стоматиттен кандай сактанууга болот?

11-Апр. 2018, Шаршемби, 09:54

Өзүбүз оорусак да, балабыз оорубасын деген элбиз. Бала ооруса, жан үрөп, убайымга батабыз. Кичинекей чүрпөңүз стоматит менен оорудубу? Стоматит эмнеден улам пайда болду? Алдын-алуу үчүн эмне кылыш керек? Бүгүн ушул темага байланыштуу бир нече маалыматка көз жүгүртсөк.

Стоматиттин пайда болуш себептери:

* Бала уктап жатканда ууртун тиштеп алуусу мүмкүн. Жыйынтыгында анын орду жарага айланат;

* Өтө ысык тамакты суутпай оозго салып, күйүп калган учурда;

*Иммунитетин алсыздыгы да таасир берет;

*Тамактан аллергия болгондо;

*В12 витамининин жетишпестигинде;

*Стоматит көп учурда ооз көңдөйүнүн кургап калуусунан да пайда болот. Мисалы, балага суук тийип калганда тез-тезден жөтөлүп, чүчкүргөндүктөн, тамагы менен ооз өңдөйү кургап кетет. Суюктук өтө аз бөлүнөт. Ошондуктан, ушул аймактардын иммунитети алсырай баштайт. Анын кесепетинен ооздун чел кабыгы коргоосуз калат да, анда түшкөн бактерияларга коргон боло албайт. Андан улам ооз көңдөйүнүн жабыркашы «стоматит» же “оозул” деп аташат. Бул кичинекей балдарга да, чоңдорго да ыңгайсыздык алып келет.


Белгилери:

*Уурту былжыр болуп, ооздо жагымсыз жыт пайда болот;

*Баланын уйкусу бузулат;

*Туура тамактана албайт;

*Тынчы кетип, ыйлай берет;

*Дене табы көтөрүлөт;

*Алгач пайда болгон 1-2 күндө тилде өтө майда көбүкчөлөр пайда болот. Артынан тилдин көп бөлүгү ак тартып кетет;

Стоматиттин үч түрү белгилүү: афтозды, герпетикалык, ангулярлуу.

Алдын алуу ыкмалары:

*Атайы диета. Жаранын күчөп кетүүсүнө алып келчү тамактарды чектөө кажет. Мисалы, кычкыл, ачуу жана ысык тамактарды бербеңиз. Ошону менен бирге, таттуу тамактарды да азайткан оң.

*Ооз көңдөйүнүн гигиенасы. Тазалоого жумшак щетканы пайдаланыңыз. Күндө бат-баттан антисептикалык каражаттар менен тазалап туруу зарыл.

*Үй жагдайында кайнаган сууга эзилген сода менен чайкоо жардам берет.

*10 күндүн ичинде жара айыкпаса, дарыгерге алып барыңыз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!