Бир айлык бала

16-Апр. 2018, Дүйшөмбү, 11:12

Мына мынтип наристеңизге 1 ай болду, эми ал тегерегин болушунча изилдей баштайт. Мурункудай күндүн көп бөлугү уйку менен өтө, бирок бала энесинин жытын тааный баштайт.

1 айлык наристе эмне жасай алат:

өзүнө караган адамга көз токтото алат

акырын көз алдында кыймылдаган нерселерди көзүм менен карап баштайт

добуштарды, энесинин үнүн, жытын ажыратат!

көңкөрөсүнөн жатканда башын көтөрүүгө аракеттенет

өзүнө сүйлөгөн адамга ыңылдап жооп кайтарууга тырышат!

Ушул убакытта наристе жүзүнөн күлүмдөгөн жыймаюсун байкоого болот. Уктап жатып үн чыгарып күлүүгө тырышат. Моюн булчуң эттери алсыз болгондуктан көтөргөн кезде моюнунан кармаш керек. Наристе күнүнө 18 саатка чейин уйку менен өткөрөт. Таза абадагы сейилдөө, күнүмдүк жууну процесстерин уланта бериңиз! Наристе акырындан күн менен түндү ажырата баштайт. Негизги тамагы эне сүтү болуп кала берет. Кошумча суу же тамак берүүнүн кажети жок!

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!