Жакшы репетитор кандай болуш керек?

2-Май 2018, Шаршемби, 10:03

Жакшы репетитордун эң биринчиден тажрыйбасы, кесиптик билими менен диплому болуш керек деп ойлойсузбу? Анда катуу жаңылышасыз. Бул маселенин эч кандай мааниси жок. Чыныгы устаздын ичинде жардам берүүгө жана үйрөтүүгө деген каалоосу болуш керек.

Эгер репетитордо андай сезим болбосо, жакшы билим бере алат деп айтуу кыйын. Аны ал эч кандай университетте да окуп, үйрөнө албайт.

Анда «Сабак кандай болот?» деп сурашыңыз мүмкүн.

Эгер англис тилинен мугалимиңиз сизге кандайдыр бир окуу методун сунуштап, ушул китеп жакшы, сенин деңгээлиңе туура келет, анда тексттер, көнүгүүлөр, аудио угуулар бар десе, демек сиз англис тилин окуунун ордуна ошол сабакты үтүр-точкасына чейин жаттап чыгасыз. Ал эми бул таптакыр башка нерсе.

Сиз көптөгөн китепти окушуңуз мүмкүн, бирок эч качан англисче сүйлөй албайсыз. Анын үстүнө мындай сабактын жүрүшү сизди тажаттып жибериши да мүмкүн.

Англис тилин чындап билген мугалимдин сабагы кураштыруу сыяктуу болот. Кураштыруунун ар бир бөлчөгү сиз эмнени каалайсыз жана англис тили эмне үчүн керек деген максатыңызга, керектөөңүзгө жана кызыгууңузга шайкеш келиши керек. Сиздин кыялыңыздагы үйрөтүүчү өзүңүздү кызыктырган суроолор менен ойлондурган темалар жаралган кезде абакты күтпөгөн жерден улантып кете алган адис болушу керек.

Албетте, бир нече китепти алып, ошол менен окутуу-өтө жеңил жумуш. Билим берүү жумуштарынын баарын китеп жүргузөт, ал эми үйрөтүүчү жаныңызда отуруп, жаңылышкан жериңизди түздөн турат. Өкүнүчкө карай, бул жумуш эмес, көз боёмочулук. Окуучу болсо сабактын мындай болбошу керек экенин билбестен, ушул калпта үйрөнүүнү уланта берет.

Ошону менен жакшы үйрөтүүчүнүн резюмеси кандай болуш керек?

1) Англис тилинин үйрөтүүчүсү ар бир сабакка жакшы даярдык менен келиши керек.

2) Англис тилинин үйрөтүүчүсү окуучунун өтүнүчүнө, окутуу методун өзгөртүү маселесине жакшы көңүл бөлүүсү кажет.

3) Үйрөтүүчү окучунун ар бир суроосуна жооп бере алышы зарыл (сизге китепти ачып, түшүндүрбөшү керек).

4) Англис тилин үйрөтүүчү баарын жөнөкөй түрдө, өзү түшүнгөндөй түшүндүрүшү керек. Эгер ал китептеги эрежени кандай болсо ошондой кайталап берсе- анда ал сиздин үйрөтүүчүңүз эмес.

Эскерте кетчү нерсе, англис тилин үйрөтүүчү менен бирге окуудагы дагы бир маанилүү нерсе тууралуу айта кетсек. Эң башкысы, тандаган устазыңыз сизди адам катары тартып турган, ишеним туудургандай болуш керек. Сиз ага толугу менен ишеним артып, англис тилин ырахатанып үйрөнүүңүз кажет.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!