Баланы бала бакчага тез көндүрүүнүн 5 жолу

Баланы бала бакчага тез көндүрүүнүн 5 жолу
18-Май 2018, Жума, 10:25

Баланы бала бакчага берүү керек болду. Бирок үйдө энесинин жанында абдан көнүп калган бала жаңы чөйрөгө заматта көнүп кетпеши мүмкүн. Андай учурда көптөгөн ата-энелер төмөндөгү катачылыктарды кетиришет:

- Туура эмес көндүрүү. Бала ыйлаганда «бала бакчага алып барып таштаймын» деп коркутуу.

- Баланын өзү бала бакчага көнө албай жүргөндө аны зоопаркка, циркке алып барып көңүлүн аламын деген – катачылык. Анда тескерисинче, бала коркуп, сарсанаага батып, ойлоно баштайт. Башында үйдө дем алыш күндөрү болгон кезде, тынч атмосферада бала менен бирге болгон оң.

- Баланы аяп, өтө эле боорукердик танытуу. Алып барып таштаганда «муңдуу» көздөр менен карап, узак коштошуу. Мисалы, кулап, жаракаттанган жерлерине «чочуп» карап – мунун баардыгы балага терс таасир этет.

- Үйгө келгенден кийин «бала бакча жаманбы?», «Тарбиячы уруштубу? Соктубу?» деп сурай берүү да баланын тез көнүп кетүүсүнө тоскоолдук жаратат.

- Баргысы келсе барып, баргысы келбесе ыйласа, барбай коюу – туура эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!