Баланын окууга болгон ынтызаарын кантип ачууга болот?

Баланын окууга болгон ынтызаарын кантип ачууга болот?
12-Июль 2018, Бейшемби, 14:46

Баланын акыл-оюн, чыгармачылык жөндөмүн, чечендигин, руханий байлыгын өнүктүрүүгө жалпысынан адам болуп калыпташуусунда китептин орду өзгөчө. Психологдор баланын китеп окууга деген махабатын ачууга алгачкы 9 жылда жетишип калуу керектигин айтышат. Албетте ар бир ата-эне (өзгөчө азыркы интернет кенен жайылган заманда) баласынын билимдүү, акылдуу, зээндүү азамат болуп өскөнүн каалайт. Ал үчүн бала китеп менен дос булуп, жакшы көргөнүнүнүн мааниси чоң. Ал эми баланын китепке деген ынтызаарын кантип ачса, өстүрсө болот?

Бала ата-энесинен үлгү алат. Ошондуктан эң биринчи эле китеп окууну өзүңүз адатка айлантыңыз;

Бала жашоого келген күндөн тартып ага жомок, бешик ыры, баатылар тууралуу баяндар жана башка элдик оозеки адабияттагы чыгармаларды окуп берүүдөн баштаңыз;

Окууга аз дегенде күн сайын 5-10 мүнөт убакыт жумшаңыз;

Китепти баланын маанайы жакшы, уйкусу канган, курсагы ток кезде окуган жакшы;

Баланын кызыгуусун арттыруу үчүн сүрөттөрү кооз, түрдүү-түстүү болгон китептерди алсаңыз болот;

Тексти кооз добуш, ыргак менен, жакшы маанайда чын дилден окуп бериңиз;

Окуган чыгармаңызды бүткөндөн кийин талкуулаңыздар. Каармандардын кимиси жакты, жакшы-менен жаманды, туура менен туура эмести, болот же болбойт деген түшүнүктөрдү түшүндүрүңүз. Балаңызга суроо бериңиз, кыйналып жатса жардамдашыңыз;

Жашына карай баланын окуган ар бир алфавитине, сөзүнө, сүйлөмүнө, чыгармасына (аңгеме, повесть, проза ж.б) мактап туруңуз;

Баладан дароо бир китепти толугу менен окуп чыгуусун талап кылбаңыз;

Китеп окуунун адамга канчалык пайдалуу экендигин айтыңыз (китепти көп окусаң чоң азамат болосуң, акылдуу бала болосуң жана башка ушул сыяктуу).

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Май майрамын утурлай “Мыскыл жана тамаша”
Май майрамын утурлай “Мыскыл жана тамаша”
Принцтин кийимдери 3 саатта сатылды
Принцтин кийимдери 3 саатта сатылды
Көп колдонулган сыр сөздөр белгилүү болду
Көп колдонулган сыр сөздөр белгилүү болду
Ата-энелер Ак үй алдында акцияга чыгышты. Талабы эмне?
Ата-энелер Ак үй алдында акцияга чыгышты. Талабы эмне?
Экономикалык эркиндик индекси боюнча Кыргызстан 79-орунда турат
Экономикалык эркиндик индекси боюнча Кыргызстан 79-орунда турат
Вазадагы гүлдөрдүн өмүрүн узартууга арналган кеңештер
Вазадагы гүлдөрдүн өмүрүн узартууга арналган кеңештер
​Аскадан кулаган мото жарышчы аман калды (видео)
​Аскадан кулаган мото жарышчы аман калды (видео)
Сирия аймагындагы согуш аракеттерине катышып келгени жаран кармалды
Сирия аймагындагы согуш аракеттерине катышып келгени жаран кармалды
Жолдошбаев: Сизге “Капиталисттик эмгектин батыры” наамын бериш керек
Жолдошбаев: Сизге “Капиталисттик эмгектин батыры” наамын бериш керек
Автобуста орун таппаган адам аргасыз аялдын алдына отурду (видео)
Автобуста орун таппаган адам аргасыз аялдын алдына отурду (видео)
“Ак куу” кийинген Анжелика Айчүрөккө окшоп калдыбы?
“Ак куу” кийинген Анжелика Айчүрөккө окшоп калдыбы?
Жазгы жана жайкы модадагы кийимдер
Жазгы жана жайкы модадагы кийимдер
​Атактуу спортчулардын балалык чагы (сүрөттөр)
​Атактуу спортчулардын балалык чагы (сүрөттөр)
Порошенко эли менен коштошту
Порошенко эли менен коштошту
Билим берүү жана медицина тармагында эки ири долбоорду ишке ашырылат
Билим берүү жана медицина тармагында эки ири долбоорду ишке ашырылат
​Криштиану Роналду мураскерин атады
​Криштиану Роналду мураскерин атады