Аллергияны болтурбоо үчүн эмнени жегенге болот жана болбойт?

Аллергияны болтурбоо үчүн эмнени жегенге болот жана болбойт?
21-Июль 2018, Ишемби, 14:46

1. Уйдун сүтү. Алгачкы алты айында баланын уйдун сүтүнө аллергиясы жогору болгондуктан, аны 4 жашынан баштап ичирсе болот. Ага чейин эчкинин сүтүн берген оң.

2. Жумуртканын агы. Адатта сууга жакшылап кайналтылган жумуртка аллергия пайда кылбайт. Болгону анын сырткы жука ак кабыгын (пленка) алып ташташ керек. Ошондой эле, ийне сайдырган кезде аллергиясы бар балдарды байкаш керек, анткени кызылча, тепме оорусу (свинка), сасык тумоого каршы вакциналар негизинен тоок эмбриондорунун негизинде жасалат.

3. Балык жана икра. Өзгөчө, балага туздалган, кургатылган балыктардын жана балык шорпосун бербеген оң. Ошондой эле, балага ар турдүү жабыштырылган маркаларды, желим нерсеге чапталган сүрөт-китепчелерин бербей, конверттер менен ойноого тыюу салыш керек. Анткени бул желимдер балык сөөктөрүнөн жасалат.

4. Жемиштер. Булардын ичиндеги чыныгы аллергия пайда кылчу – алма, алмурт, ичинде сөөгү бар жемиштер, ананас, анар, киви, цитрус жемиштери. Ар дайым чүчкүрүп, мурду бүтөлүп, көзү кызарып, аллергиядан азап чеккен балдардын көпчүлүгү алманын гүлдөгөн убагында ооругандыктан, организм алманы кабыл ала албайт.

5. Баланын денесиндеги кызыл тактардын себепчиси – сапатсыз кийим. Арзан синтетикалык боёктор менен боёлгон кийим баланын денесине аллергия пайда кылат. Болбогон нерсеге үнөмдөйм деп, балаңызды оорутуп албаңыз. Ошону менен бирге, баланын жаткан төшөнчөлөрүнө да маани берүү керек. Төшөк-журкан пахтадан жасалган кездемеден тигилген жумшак болуш керек.

6. Балага оюнчук алган кезде өтө көңул бөлүү кажет. Түрдүү түстүү көздүн жоосун алган Кытайдын оюнчуктары да аллергиянын көзү болуп калуусу да мүмкүн. Оюнчук аларда жыты мурунга катуу тийген оюнчуктан алыс болуңуз. Жыты бар оюнчук сапаты төмөн жана химиялык заттардын кошулгандыгын билдирет.

7. Жер-жемиштер. Шпинат, петрушка, сельдерей, помидор, бурчактын турү, фасоль, соя аллергиясы бар балдардын тамагына аз колдонгон жакшы.

8. Жаңгак менен мисте. Балдарда грек жаңгагына, жер жаңгак, фундук, миндаль, күн карама жана башкаларга аллергия заматта пайда болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!