Дүйнөдөгү эң жаш эне

Дүйнөдөгү эң жаш эне
15-Авг. 2018, Шаршемби, 11:10

Дүйнөнүн эң жаш энеси болуп Перунун тургуну Лина Медина эсептелет. Ал беш жашында эне болгон. Анын тагдыры жөнөкөй адамдан баштап, изилдөөчүлөргө чейин таң калтырган.

Лина Медина 1933-жылы жакыр үй-бүлөдө төрөлгөн. Ал 14-май 1939-жылы Лина беш жаш жети ай болгондо эне болгон. Алгач анын ата-энеси ишенген эмес. Балким, шишиктир деп ойлошкон. Качан гана Линанын ичи чоңойгондо аны доктурга алып барышкан. Мына ошондо гана доктурлар Линанын жети айлык боюнда бар экендигин аныкташкан.

Херардо Лосада атту доктур Линданы кошумча текшертүү үчүн борборго алып келет. Көрсө Линанын гормондору эрте жетилген экен. Ошентип Линда өзү бала болсо да кесерево жолу менен 2700 граммдагы уулдуу болгон. Уулунун атын Линданы дарылап көзөмөлгө алган доктуру Херардо Лосаданын атынан Херардо деп атаган.

Ошентип беш жашар кыз Линда өмүр бою журналисттер менен маек курган эмес. Себеби, ал өзү билбейт эмне болгондугун. Балким зордуктоого туш болгон, балким аны өз атасы зордуктаган деген маалыматтар бар.

Лина Медина 1972-жылы Рауль Хурадо аттуу мырзага турмушка чыгат. 39 жашында экинчи ирет эне болуп, дагы уулду болгон.

Ал эми анын тун баласы Херардо 1979-жылы мээ сөөгүнүн оорусунан улам каза болгон.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!