Мультфильмдер үчкө толо элек балага кандай таасир берет?

Мультфильмдер үчкө толо элек балага кандай таасир берет?
6-Сен. 2018, Бейшемби, 14:15

Биз кээде көп ишти «автоматтык» түрдө жасай беребиз. Канча маанилүү болсо да, бала тарбиясында да ал адат калбай келет. Мисалы, балага биздин тынчыбызды ала бербеши үчүн ар кандай нерсени ойлонбой жасап алабыз. Эшикке чыгарып жиберебиз. Колуна сынып кетчү заттарды бере салабыз. Бирөөлөргө: «Баланы алчы» деп колуна карматып жиберебиз. Баарынан кооптуусу, көгүлтүр экрандын алдына отургузуп, «бир нерсени» көрсөтүп отургузуп коёбуз. Бала ага алаксып отурганда, үй жумуштарын жасап алабыз. Мунун коркунучтуусу – 3 жашка толо элек балага сыналгы көрсөтүү.

Баланын психологиясы менен физиологиясын жакшы билген адистер бул жаштагы наристелерге ар түрдүү видеороликтер зыян экенин айтышат. Кинонун гана эмес, ар кандай жарнаманын, мультфильмдер да зыяндуу. Үчкө толбогон балдар медиматериалдын мазмунуна эмес, анын «жылып жаткан» аракеттерине маани берет. Тактап айтканда, аларда сенсорлук кабыл алуу процесси жүрөт. Ал эми бул балага өтө зыян. Мындай учурда наристенин мээсинин өнүүгүүгө тийиш кыртыш менен нейрондук бөлүктөрү жетилбей токтоп калат. Баланын кыймыл-аракетине да сыналгы чоң таасир берет. Ушул жаштан тартып балада жаман адат пайда болот.

Бул кезде бала өзүн кызыктырган жаркыраган затка умтулат, ага колун созуп, кармаганга тырышат. Бул кыймыл-аракет активдүүлүгү баланын туура жетилүүсү үчүн өтө керек. Алардын себебинен бала көптөгөн кыймыл-аракеттерди үйрөнөт. Ал эми мультфильмдер ушулардын өнүүгүсүнө тоскоолдук жаратат.

Негизи, үч жашка толо элек бала ары-бери чуркап, жүгүрүп туруш керек. Кичинекей болсо да айланадагы адамдар менен мамиле куруп өз тилинде сүйлөп, өнүгүүсү кажет. Заттарга кол тийгизип, кармап кабылдоо касиеттерин өнүктүрүү тийиш. Ал эми ар бир ата-эне баласынын дени сак өсүүсү үчүн туура кам көрүү керек экенин түшүнүшү кажет.

Кээ бирөөлөр: «Бул мультфильм эле го, балдарга арналган... » деши мүмкүн. Кандай гана кооз же болбосо кызыктуу, мазмундуу мультфильм болбосун, ал балага өтө зыян. Ал мультфильмди көргөн учурда баардык кабыл алуу жөндөмдөр кошулганы менен андагы чапчаң кыймылдарды таразалап, өздөштүрүп жетишпей калат. Бала өзүн курчаган айлана-чөйрөнү шашпай, балалык деңгээлге байланыштуу үйрөнүп отурат. Ар бир нерсенин көлөмүн, формасын көрөт. Баарына өзүнүн көзүн жеткирет.

Ал эми азыр 3 жаштагы бала гана эмес, бир жаштагы наристелерди да сыналгы алдына жаткырып коюп же колуна телефон карматып алаксыткан ата-энелерди көп эле көрүп келебиз. Бул өз балабыздын келечегине көңүл бурбоо деген гана сөз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Май майрамын утурлай “Мыскыл жана тамаша”
Май майрамын утурлай “Мыскыл жана тамаша”
Принцтин кийимдери 3 саатта сатылды
Принцтин кийимдери 3 саатта сатылды
Көп колдонулган сыр сөздөр белгилүү болду
Көп колдонулган сыр сөздөр белгилүү болду
Ата-энелер Ак үй алдында акцияга чыгышты. Талабы эмне?
Ата-энелер Ак үй алдында акцияга чыгышты. Талабы эмне?
Экономикалык эркиндик индекси боюнча Кыргызстан 79-орунда турат
Экономикалык эркиндик индекси боюнча Кыргызстан 79-орунда турат
Вазадагы гүлдөрдүн өмүрүн узартууга арналган кеңештер
Вазадагы гүлдөрдүн өмүрүн узартууга арналган кеңештер
​Аскадан кулаган мото жарышчы аман калды (видео)
​Аскадан кулаган мото жарышчы аман калды (видео)
Сирия аймагындагы согуш аракеттерине катышып келгени жаран кармалды
Сирия аймагындагы согуш аракеттерине катышып келгени жаран кармалды
Жолдошбаев: Сизге “Капиталисттик эмгектин батыры” наамын бериш керек
Жолдошбаев: Сизге “Капиталисттик эмгектин батыры” наамын бериш керек
Автобуста орун таппаган адам аргасыз аялдын алдына отурду (видео)
Автобуста орун таппаган адам аргасыз аялдын алдына отурду (видео)
“Ак куу” кийинген Анжелика Айчүрөккө окшоп калдыбы?
“Ак куу” кийинген Анжелика Айчүрөккө окшоп калдыбы?
Жазгы жана жайкы модадагы кийимдер
Жазгы жана жайкы модадагы кийимдер
​Атактуу спортчулардын балалык чагы (сүрөттөр)
​Атактуу спортчулардын балалык чагы (сүрөттөр)
Порошенко эли менен коштошту
Порошенко эли менен коштошту
Билим берүү жана медицина тармагында эки ири долбоорду ишке ашырылат
Билим берүү жана медицина тармагында эки ири долбоорду ишке ашырылат
​Криштиану Роналду мураскерин атады
​Криштиану Роналду мураскерин атады