Балага компьютерди канча жаштан үйрөткөн оң?

Балага компьютерди канча жаштан үйрөткөн оң?
1-Окт. 2018, Дүйшөмбү, 12:14

Кээде адамдар 2-3 жаштагы балдарын мактап: «Биздин бала гений, баарын билип төрөлгөн. Азыр колуна телефонду берсең менден кыйын билет. Керек болсо, кулпуда турган телефонду кандай ачыш керек экендигине чейин билет», – деген сыяктуу сөздөрдү далай угуп калабыз.

Бирок ошол интернеттин чындап келгенде баланын жан дүйнөсүнө терс таасир тийгизип жатканын унутуп калабыз. Же болбосо кайсы бир жомоктогудай балдарга ачууга тыюу салынган эшикти, интернет аркылуу ачып алышат. Дүйнөнүн ачкычы – интернет менен ар бир эшикти ачып, ичинде эмне бар экенин балдарга көрсөтө берүүнүн аягы жакшылыкка алып барбайт.

Психолог Катрин Штайнер-Адэр өзүнүн «The Big Disconnect» китебинен бала менен компьютердин ортосундагы байланыш маселелерин көтөргөн. Анын айтуусу боюнча, баланын компьютер, смартфон, планшеттерге жумшаган убакыты кийин анын сырткы дүйнө менен болгон байланышын кыйындатат.

Бала гаджеттерде эмне ойноп, ким менен сүйлөшүп, эмнени үйрөнүп жаткандыгын – ата-эне көзөмөлдөп туруш керек. Интернеттин жакшы жагы көп, бирок экран бетине тынымсыз чыга берген жарнамалар, дүйнөлүк желелер, адамды азгырган атайы веб-сайттар, баланын тарбиясы менен өнүгүшүнө өзүнүн терс таасирин тийгизбешине эч ким кепилдик бере албайт. Психологдор глобалбалдуу тармактын эң чоң коркунучу – бала өз жашына туура келбеген маалыматтар менен таанышуусу деп санашат.

Бүгүнкү күндүн балдары электрондук түзүмдөргө өтө жакын. Смартфон менен планшеттерди көрсө, колуна алгысы келип турат. Жөнөкөй оюнчук сатып алып берсеңиз 1-2 күн ойношу мүмкүн. Бирок кайра эле гаджеттер менен ойногонду каалап туруп алышат.

Баланын түзүм үстүндө колдору менен иштөөсү, видео көрүүсү аны компьютер менен жумуш иштөөгө даяр экенин билдирбейт.

Теория боюнча, балдар эки жашка жеткенге чейин дүйнөнү реалдуу аракеттер менен байланыш аркылуу тааныйт. Балдарга үч жашка жеткенде электрондук түзүмдөр менен таанышууга болот. Болгону атайы компаниялар баланын өнүгүшү үчүн жасап чыгарган интеллектуалдуу программаларды гана уйрөткөн абзел.

Бала алгач мектепке барып, андан кийин гана компьютер менен таанышса да кеч болбойт. Көп нерсе ата-эненин өзүнө байланыштуу. Балаңызды байкап отуруп, 4-5 жашта смартфон, планшеттерди кандай пайдаланууну үйрөтсөңүз болот. Ал эми бошобой, балаңызга көп көңүл бөлүнбөй жатса 11-13 жашка жеткенде гаджеттерди сатып алып берүүңүзгө да болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
​Футболчу оюн учурунда каза болду
​Футболчу оюн учурунда каза болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
Путин манжасын оорутуп алды
Путин манжасын оорутуп алды