Окуучу бай болуу тууралуу китеп жазып, байып жатат

Окуучу бай болуу тууралуу китеп жазып, байып жатат
4-Окт. 2018, Бейшемби, 09:39

АКШда мектеп окуучусу ата-энесинен акча суроодон арданып, бизнесмен болууга чечим кабыл алган. Ал балдарга арналган акча табуу тууралуу китеп жазып, эми аны сатып байып жатат.

Джон Лозонис 13 жашта. Нью-Йоркто жашайт. Окуусунан сырткары убакта көчөдө өзүнүн «Триллионер бала. Кичинекей балдар кантип байыса болот?» деген китебин сатат. Китептин баасы 10 доллар. Ал күнүнө отузга жуук китеп сатканга жетишет.

Алгач Джон көпчүлүк балдар сыяктуу көчөдө суусундуктарды сатууга аракет кылган. Бирок иш алдыга жылбай койгон. Андан соң бала олуттуу иштер менен алектенүүгө аракет кылган. Мисалы, графикалык дизайн, сайт жасоо, видео монтаж жана подкасттарды иштеп чыгуу менен алектенген.

Джон азыркы күндө канча таап жатканын айткан жок. Бирок күнүмдүк баскан-турганына жетип жатканын жана ата-энесинен акча сурабай калганын айткан. Ошондой эле, ал жакынкы бир нече жылда триллионер болооруна ишенет. Ал үчүн план түзүп, тапкан акчасынын жарымын кайда короторун ойлонуштуруп койгонун билдирди.

Джон китепте атактуу байлардын жашоосунан мисал келтирип, алардын жаш кезинде кандай байып кеткендери тууралуу жазган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
​Футболчу оюн учурунда каза болду
​Футболчу оюн учурунда каза болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
Путин манжасын оорутуп алды
Путин манжасын оорутуп алды