Унаада баланын жүрөгү айланганда эмне кылуу керек?

Унаада баланын жүрөгү айланганда эмне кылуу керек?
6-Окт. 2018, Ишемби, 12:28

Көпчүлүгүбүздүн балалык чактан калган жагымсыз эсте калган нерселердин бири – машинада жүрөк айлануу. Азыр ушул маселе балдарыңыздын тынчын алып жаткан болсо, төмөндөгү кеңештерге кулак салыңыз.

Термелүү («деңиз оорусу») – мээнин түшүнүксүз абалда болгон жагдайы, себеби көз кыймыл-аракетти белгилейт, ал эми вестибулярдык аппарат дене тынчтыкта турганын айтат. Мээ жаңылышат да, өзүн "бир түрлүү сезе” баштайт: адам табитин жоготуп, бозоруп, тердейт, уйкусу келет, алы кетип (балдар эркелеп башташат), баш айланат, жүрөк айнып, кусат. 2-12 жаштагы балдарда жана гормондук өзгөрүшкө учураган аялдарда термелүү көп болот. Унаада баланынын жүрөгү айланса эмне кылыш керек?

1. Тартип боюнча уруксат болсо, баланы алдыңкы орундука же арткы орундун ортосуна отургузуңуз. Бул жерлерде өтө көп термелүү болбойт.

2. Абаны тазалоо үчүн терезени ачыңыз. Баланы чечинтип, жеңилдетиңиз.

3. Катуу жыттанган жыттардан алыс болуңуз. Автоунаага арналган жыпар жыттан баш тартыңыз жана унаада эч ким тамеки тартпоону сураныңыз.

4. Жолго чыгарда тамакка тойгузбаңыз. Майлуу, куурулган, сүт азыктарынан жана газдалган суусундуктардан баш тартыңыз. Жолго чыгар алдында 1-1,5 саат мурун жеңил тамак бериңиз.

5. Эгер баланын жолдо жүрөгү айланса, анын көзүн чарчатпаңыз. Жолдо мультфильм көрсөтпөңүз, гаджеттен оюн ойнотпоңуз жана китеп окутпаңыз. Анын ордуна ыр же аудиосабак укса болот.

6. Балага суук убакта суусундукту аз-аздан бериңиз. Жалбыз, лимон жана имбирь – жүрөк айланууну басууга арналган жакшы өсүмдүктөр.

7. Жалбыз даамы бар конфет бериңиз.

8. Жалбыз, розмарин, лимон жана карагай эфир майлары жүрөк айланууну токтотот. Анын бир нече тамчысын майлыкка тамызып, жыттаңыз. Мындай майлар менен чекени укалоого болот.

9. Жолдо дары бербегенге тырышыңыз. Кээ бир антибиотиктер, ичеги курттарына каршы дарылар, депрессияга каршы куралдар жана ж.б. жүрөктүн айлануусун күчөтөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Орток декларация: Укуктун үстөмдүгүн талап кылабыз
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
Милиция кызматкери башында турган кылмыштуу топ пара менен кармалды
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
«Сулайман-Тоо» комплексинин макамынын сакталышы көзөмөлгө алынат
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
​Месси “Дэвис Кубогунун” инвесторлорунун бири болду
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
Уруксаты жок туристтер Эверестке чыга албайт
​Футболчу оюн учурунда каза болду
​Футболчу оюн учурунда каза болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Казак журналисти текебер шаардыктарга нааразы болду
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Дубалдын айынан өзгөчө кырдаал кирет
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Калдык сактагычтарды рекультивациялоо маселеси талкуулады
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
Куудулдар Ысык-Көлдүн элине күлкү тартуулашат
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
​Футболчуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
Айпери Кубик кызы президент тууралуу түшүн жорутууда
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
​Көк-бөрү боюнча эл аралык мелдештердин эрежеси өзгөрдү
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
Рыскелди Момбеков: “Бийлик миң кишинин үйүн сүрдүрө албайт” (видео)
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
​Лев Яшин тарыхтын мыкты дарбазачысы аталды
Путин манжасын оорутуп алды
Путин манжасын оорутуп алды