Элдик ыкма менен баланын иммунитетин кантип көтөрсө болот?

Элдик ыкма менен баланын иммунитетин кантип көтөрсө болот?
30-Окт. 2018, Шейшемби, 10:34

Иммунитети бардыгы бирдей болгон балдар болбойт. Эмне себептен айрым бала организми туруштук берип бакчага барса, экинчиси барган сайын ооруп кала берет? Бул суроого атайын белгилүү жооп жок. Албетте ар бир бала төрөлгөндө эле ден-соолугу чың, иммунитети күчтүү болуп төрөлөт. Бирок алар чоңойгон сайын организми сырткы факторлорго туруштук бере албай, алсызданып, ооруп баштайт. Мына ушундай учурда алардын ден-соолугуна зыян келтирбестен, элдик ыкма жолу жардамга келмекчи.

1. Тамак-аштын түрмөгү салмактуу жана түрдүү витаминдер менен коштолуш керек

2. Ар күнү таза абада сейилдөө

3. Үй-бүлөдөгү маанай мыкты болушу шарт

Элдик ыкма жолун колдонуу менен иммунитетти көтөрүү

Ал үчүн сизге ит мурун, имбирь, сарымсак, лимон жана бал жардамга келмекчи. Ошондой эле алма менен капустанын аралашмасы дагы абдан пайдалуу. Мисалга, түнкүсүн эки кивининин сыртын аарчып, ага 30 грамм бал кошуп коюп эртең менен балага ач карын берсе болот. Ушундай эле жол менен грек жаңгагынын, мейиздин жана балдын аралашмасы дагы иммунитетти чыңалтмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!