Планшеттин балага зыян экени далилденди

17-Апр. 2017, Дүйшөмбү

Лондон университети менен Лондондогу Корольдук колледждин окумуштуулары сенсорлуу гаджеттердин жаш балдарга зыяндуу экени далилдеди. Тагыраак айтканда планшетти көп пайдаланган баланын уйкусу бузулуп, андан улам организмдин өсүүсүндө өзгөрүүлөр пайда болот экен. Бул тууралуу “Gizmodo” басылмасы кабарлап чыкты.

Окумуштуулар 6 менен 36 айлык аралыгындагы балдары бар ата-энелердин арасында тажрыйба жүргүзгөн. Ата-энелер баланын канча саат уктаарын кандай абалда жатаары жана түнкү уйкусунун тынч болуп болбогондугу тууралуу айтып беришкен.

Жооп бергендердин 70 пайызында сенсорлуу гаджеттери болгон. Ал эми ошол гаджети барлардын балдарынын 75 пайызы планшет менен ойнойт экен.

Изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, смартфон, планшет менен көп ойногон балдардын түн уйкусу кыска болот. Планшет менен өткөргөн ар бир саат баланын уйкусун 15,6 мүнөткө кыскартат. Ошондой эле гаджетке кызыккан наристелер түндө тынч жатпай, бир азга чейин уктай албай чыгышат деп белгилешти окумуштуулар.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!