Баалуу таштардын кош бойлуунун ден-соолугуна тийгизген таасири

Баалуу таштардын кош бойлуунун ден-соолугуна тийгизген таасири
27-Дек. 2018, Бейшемби, 12:09

Баланын жарык дүйнөгө ден соолугу чың, алты саны аман төрөлүшүн кайсы гана эне каалабайт. Болочок эне кош бойлуу кезинде эле өзүнө-өзү жакшылап кам көрүп, оорубаганга аракет кылуусу зарыл. Ал үчүн, албетте, жылуу кийинип, суук тийгизбегенге, туура тамактанга далалат кылуу керек. Ошондой эле өзүнө кайсы баалуу таштар туура келерин билип, андан жасалган кооздук-жасалгаларды тагынса да сак-саламатта жүрөт.

Жашыл гранат

Болочок энеге тийгизген таасири: ден соолугун чыңдайт, кош бойлуулукту жакшы көтөрүүгө күч берет. Үй-бүлөдө чыр-чатактын болбошуна, сүйүүнүн күчөшүнө таасир бергендиктен, нерви жайында болот.

Кайсы зодиак белгилери үчүн: Бөйөн, Балык, Букачар, Бийкеч.

Рубин

Болочок энеге тийгизген таасири: Рубин көздүү шакек, иймек, кулон, брошкаларды тагынса, ар кандай оорулардан сактайт. Баланын жакшы төрөлүүсүнө жардам берет. Бирок төрөт учурунда тагынууга болбойт. Анткени, айым төрөй албай кыйналып, кан көп кетет. Кан басымы жогорулар да тагынбоосу керек.

Кайсы зодиак белгилери үчүн: Бөйөн, Букачар, Бийкеч, Чаян үчүн эмес. Калгандардын баарына болот.

Аметист

Болочок энеге тийгизген таасири: Кечинде жаздыктын астына коюп жатса, тынч уктап, жакшы түштөрдү көрөт. Ден соолугуна жакшы таасир берет.

Кайсы зодиак белгилери үчүн: Суукуйду, Тараза, Эгиздер.

Селенит

Болочок энеге тийгизген таасири: Кош бойлуулуктун кыйынчылыксыз өтүшүнө, төрөттүн жеңил болушуна жардам кылат.

Кайсы зодиак белгилери үчүн: Бөйөн.

Яшма

Болочок энеге тийгизген таасири: Жыныстык ооруларды айыктырат, кан акса тез токтотот, төрөттүн жеңил өтүшүн камсыз кылат. Төрөгөндөн кийин тез тыңыйт.

Кайсы зодиак белгилери үчүн: Балык, Бийкеч, Жаачы, Букачар, Арстан.

Бирюза

Болочок энеге тийгизген таасири: Ден соолукту чыңдайт, бойдон түшүп калуудан, айына жетпей төрөөдөн сактайт.

Кайсы зодиак белгилери үчүн: Жаачы, Балык.

Изумруд

Болочок энеге тийгизген таасири: Суук тийүүдөн сактайт. үй-бүлөдө жылуу мамиле, сүйүү болот. Төрөт учурунда күч берет жана жеңил төрөөгө жардам кылат.

Кайсы зодиак белгилери үчүн: Чаяндан башкалардын баарына.

Нефрит

Болочок энеге тийгизген таасири: Жан дүйнөнү тынчтантат, ар кандай жагымсыз нерселердин терс таасиринен сактайт, бөйрөк оорусунун алдын алат. Төрөт жеңил өтөт.

Кайсы зодиак белгилери үчүн: Балык, Чаян, Тараза.

Янтарь

Болочок энеге тийгизген таасири: Организмдеги терс энергияны жок кылат. Бойдон түшүп калуудан сактайт. Уйкусуздук болсо, баш ооруса, уктарда жаздыктын алдына коюп жатуу абзел.

Кайсы зодиак белгилери үчүн: Арстан, Букачар.

Агат

Болочок энеге тийгизген таасири: Сырткы күчтөрдүн терс таасиринен коргойт, коркуу сезимин жок кылат. Төрөт маалында ооруксунуу аз болот.

Кайсы зодиак белгилери үчүн: Кой, Бийкеч, Суукуйдудан башкалардын баарына.

Сардер

Болочок энеге тийгизген таасири: Жеңил төрөттү камсыздайт, жарат бат айыгат. Операция жолу менен төрөсө, кесилген жер тез бүтөт.

Кайсы зодиак белгилери үчүн: Бөйөндөн башкалардын баарына.

Кахолонг

Болочок энеге тийгизген таасири: Ар кандай оорулардан алыс кылат, организмди терс энергиядан арылтат. Ашказан, ичегилер, жүрөк жакшы иштейт, көздүн көрүүсү оңолот, баш ооруну жоготот. Төрөттү жеңилдетип, баланын ден соолугу чың төрөлөт. Төрөгөндөн кийин тез тыңып, ичи бат тартылып, бой-келбети ылдамыраак калыбына келет. Нервди тынчтандырып, үй-бүлөдө гармониялуулукту пайда кылат.

Кайсы зодиак белгилери үчүн: Кой менен Чаяндан башкалардын баарына.

Сердолик

Болочок энеге тийгизген таасири: Терс таасирлерден коргойт, жеңил төрөп, төрөттө кан аз кетет. Көз тийүүдөн, бойдон түшүүдөн сактайт. Жан дүйнөнү тазартып, ден соолук чыңдалат. Мээнин иштөөсү жакшырып, күчкө күч кошулат.

Кайсы зодиак белгилери үчүн: Баарына.

Коралл

Болочок энеге тийгизген таасири: Көз тийүүдөн коргоп турат. Чарчаганда тез күчкө келтирет, эске тутууну, угуу жана көрүүнү, сексуалдык потенцияны жакшыртат. Кан айлануу, жүрөктүн иштеши оңолот. Стресстен арылып, нерв бир калыпта жүрөт.

Кайсы зодиак белгилери үчүн: Текечерден башкалардын баарына.

Алмаз

Болочок энеге тийгизген таасири: Ден соолук, ийгилик, гармониялуулукту берет. Ар кандай оорулардын алдын-алат. Унутчаактыкты дарылайт. Кимдир бирөөлөр тескери дуба окуп койгон болсо, анын коркунучу жоголот. Төрөт жеңил, жакшы өтөт.

Кайсы зодиак белгилери үчүн: Кой, Тараза.

Малахит

Болочок энеге тийгизген таасири: Ревматизм болсо айыктырат, эске тутууну жакшыртат. Курсактагы балага өзгөчө күч берип, анын ден соолугу чың, күчтүү болуп төрөлүшүнө жардам берет.

Кайсы зодиак белгилери үчүн: Бөйөн менен Бийкечтен башкалардын баарына.

Сапфир

Болочок энеге тийгизген таасири: Курсакта жаткан баланын келечекте итий, майып болуп төрөлүүсүнөн, бою өспөй калуусунан сактайт, наристе акылдуу болуп төрөлөт.

Кайсы зодиак белгилери үчүн: Кой, Бийкеч, Жаачы, Суукуйду.

Курсактагы балага да пайдалуу...

Баланын жүрөк-кан тамыр системаларынын жакшы өрчүшү үчүн коралл, янтарь, тунук түстүү кварц, малахит, жашыл нефрит, жадеит жакшы.

Ашказан жана жыныстык мүчөлөрдүн өрчүшүнө селенит, бермет, агат туура келет.

Тоо хрусталы, кварц, көк түстүү агат, сердолик тагынуу баланын нерв системасынын, өпкөсүнүн, колдорунун жетилүүсүнө пайдалуу.

Ал эми көгүлтүр бирюза баланын күчтүү, эрктүү, эч нерседен кайра тартпас, жеңилбес болуп төрөлүүсүн шарттайт. Кан тамырларынын, боорунун жакшы иштеши үчүн жыгачтан жасалган кооздук жасалгаларды тагынуу кажет.

Малахит, чароит, кахалонг, аметист, агат, изумруд, күлгүн түстүү кварц баланын жан дүйнөсүнө сүйүү, мээрим жаратат. Бөйрөк, омуртка сөөктөрү пайда болгон соң алардын бекем жана чың болушуна ак нефрит өтө зарыл. Жалпы эле сөөктөрүнүн бекемделишине, угуу системасына кара обсидиан оң таасирин берет.

Булардан тышкары...

Алмаз, изумруд, гранат, рубин, аметист, селенит, кахолонг, янтарь, яшма таштарын аялы да, күйөөсү да тагынып жүрсө, тезирээк бойго бүтүүгө жардам берет.

Алмаз, бермет, изумруд, сапфир, топаз жатын ооруларын айыктырат.

Алмаз, гагат, гелиотроп, гематит, бермет, изумруд, мышык көз, сапфир, сердолик, жолборс көз, топаз, янтарь, яшма айымдардын ар кандай жыныстык ооруларына жакшы.

Гормондордун бузулуусуна коралл менен топаз тагынуу керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Нидерланды менен Германия “климат” алкагында бирге иштешет
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Жээнбеков: Энерготармак токтоосуз реформаларга муктаж
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Ретро стилиндеги электрокар ушул күздө көрсөтүлөт
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Кытайлык жаран мээсиндеги курт менен 30 жыл жашаган
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Барак Обама 15 миллион долларга үй алат
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
Ыктытканды кантип токтотсо болот?
 Разаков «Ак-Тилек» пунктунда салмак көзөмөлдөөчү тутумду орнотуунун жүрүшү менен таанышты
Разаков «Ак-Тилек» пунктунда салмак көзөмөлдөөчү тутумду орнотуунун жүрүшү менен таанышты
Белгилүү эколог Эмил Шүкүров көз жумду
Белгилүү эколог Эмил Шүкүров көз жумду
Кыргызстандык аял кыргыз-казак чек арасынан кармалды
Кыргызстандык аял кыргыз-казак чек арасынан кармалды
US Open: Серена Уильямс жана Мария Шарапова биринчи айлампада беттешет
US Open: Серена Уильямс жана Мария Шарапова биринчи айлампада беттешет
Ким Кардашьян кызы менен жылан оюнун ойноду (видео)
Ким Кардашьян кызы менен жылан оюнун ойноду (видео)
Сыймык Бейшекеев туулган күнүнө концерт тартуулайт
Сыймык Бейшекеев туулган күнүнө концерт тартуулайт
Айдана Дека менен Аваз Акимов той концерт коет
Айдана Дека менен Аваз Акимов той концерт коет
Эл аралык сотто Кыргызстан 24 млн долларга утулуп калды
Эл аралык сотто Кыргызстан 24 млн долларга утулуп калды
Илим Карыпбеков Финансы полициясына сурак берди
Илим Карыпбеков Финансы полициясына сурак берди
Конор Макгрегор улгайган адамды чапкандыгы үчүн кечирим сурады (видео)
Конор Макгрегор улгайган адамды чапкандыгы үчүн кечирим сурады (видео)