Кош бойлуу кезде дене чыныктыруу менен алектенсе болобу?

Кош бойлуу кезде дене чыныктыруу менен алектенсе болобу?
12-Янв. 2019, Ишемби, 11:41

Кош бойлуу кезде дене чыныктыруучу көнүгүүлөр менен алектенүү баланын мээсинин өнүгүүсүн жакшыртат.

Сан-Диегода өткөн нейробиологдор съезинде сөз сүйлөгөн канадалык окумуштуулардын айтканына таянсак, дарыгерлер тарабынан ар күн жасоого кеңеш берилген машыгуулар жумасына үч жолудан, ар бир жолу 20 мүнөт убакыт бөлүнүш керек.

Нейробиологдор бул жыйынтыкка алгач жаныбарларга, андан кийин ыктыярчы кош бойлуу энелерге жасалган тажрыйба жасоо учурунда келишкен.

Кийин изилдөөлөрүндө алар бул көнүгүүлөрдүн бала жаңы төрөлгөн наристелерге тийгизген жагымдуу жана жагымсыз таасирин аныкташмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!