Дүйнөдө эң кичинекей салмактагы наристе төрөлдү

Дүйнөдө эң кичинекей салмактагы наристе төрөлдү
4-Март 2019, Дүйшөмбү, 10:13

Токиодо салмагы боюнча эң кичинекей наристе төрөлүп, аман калды. Анын салмагы болгону 268 грамм. Доктурлардын айтымында ал операция жолу менен төрөлүп, алардын алаканына араң эле баткан.

Көрсө бала эненин түйүлдүгүндө өсүүсү начар болгон. Ошондуктан аны 24-жумада эле операция жолу менен сактап калууну чечишкен.

Учурда наристенин салмагы үч килограмм болуп калгандыгын кабарлашты. Ал өз күчү менен эне сүтүн эмүүгө жетишкен. Учурда анын ден соолугу жакшы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!