Эмдөө албаган балдарга мектепке жана бакчага барууга тыюу салынды

 Эмдөө албаган балдарга мектепке жана бакчага барууга тыюу салынды
14-Март 2019, Бейшемби, 13:10

Италияда эмдөө албаган балдар мектепке жана бала бакчага кирүүгө тыюу салынды. Мындай мыйзам өлкөдөгү абалды жакшыртуу максатында кабыл алынган. Аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министри “Балдар сөзсүз эмдөөдөн өтүп, анан мектепке кабыл алынуусу керек”,- деп айтып өттү. Бул жол менен алар жугуштуу делген кызамык, вирустук оорулар, полиомиелит оорулардын алдын алган болот.

Мындан сырткары, мектепке чейинки жеке менчик ишканалар, жаш балдарды бала бакчага кабыл алууда алардын эмдөө алынган тастыкталбаган документи жок болсо, ал баланы кабыл албоо укугуна ээ.

Болонья шаарынын жергиликтүү бийлиги азыр эле эмдөө боюнча толук документи жок 300 ата-эненин балдарына бакчага кирүүгө тыюу салгандыгы айтылат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!