Жашап кетиш үчүн “Шамал генераторун” ойлоп тапкан бала

 Жашап кетиш үчүн “Шамал генераторун” ойлоп тапкан бала
29-Март 2019, Жума, 13:23

Уильям Каквамба аттуу африкалык бала үй-бүлөсү жана айылы ачка калганда, аларды ачкачылыктан куткарган.

Мен ошондо болгону 14 жашта элемин. Жашаган айылымды ачарчылык каптап, айланамдагы адамдар ачкачылыктан өлүп жатышты. Мен буга чекит коюп, кандайдыр бир нерсени ойлоп табууга белсендим. Ага жетиш үчүн ата-энемди дагы уккан жокмун жана ийгиликти багындырдым”,- дейт өз сөзүндө Уильям.

Ошентип, ал айыл тургундарын ачарылыктан куткаруу үчүн “Шамал генераторун” чогултуп баштайт. Аларды чогултуп сууну айландырып, жарыкты чыгарганга жетишкен. Ал бул иш тажрыйбаны ишке ашырууда, анын эч кандай билимдик сапаты болбогондугу айтылат. Анткени, ал убакта Малавиде бир баланын окуусу айына жүз доллар эле. Бул деген сөз айлык-акынын жарым жылдык кирешеси дегенге барабар. Болгону Уильям өз күчү менен китептерди окуп, билим алууга тырышкан.

“Эсимде ошондо Америкадан китептер келип, мен аны түшүнүп-түшүнбөсөм дагы окуганга аркеттенгемин. Көпчүлүгүнө түшүнбөй сүрөттөрдү карап отуруп, түшүнүп алар элем”,- деп эскерди.

Ал өзү фермердин үй-бүлөсүндө чоңойгон. Жети кыз бир тууганы болгон. Айылдагылар жүгөрү айдап күн өткөргөн. Беш ай катар жаан жаабай койгондуктан, ал айылда ачарчылык башталган. Дал ошондон улам Уильям мектебин таштаган. Ага карабай китепканага барып, билим алууга тырышкан.

Бир күнү анын колуна “Жарыкты пайдалануу” аттуу китеп тиет. Дал ошол китеп, анын электр энергиясын чыгарууга түрткү болгон. Ошентип, отуруп ал жеке “Шамал генераторун” ойлоп чыккан. Аны чыгарууда бардык тетиктерди колдонгон. Качан Уильямдын үйүндө жарык пайда болгондо, элдер келип телефондорун кубаттоого катарга турушкан. Уильямдын Шамал генератору бир гана жарык чыгарбастан, ал суу термелтип, өсүмдүктөрдү суугарууга жетишкен.

Кийин блоггерлер жана журналисттер келгенде: “Мен өз максатыма жеттим, мен эч качан мейманканада жатып уктап жана учакка түшүп көргөн эмес элем”,- деп жооп берген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!
КӨП ОКУЛГАНДАР
​Ак-Сууда 19 жаштагы жигит көлгө чөгүп каза болду
​Ак-Сууда 19 жаштагы жигит көлгө чөгүп каза болду
​Иранда кыз - келиндерге футбол көрүүгө уруксат берилди
​Иранда кыз - келиндерге футбол көрүүгө уруксат берилди
Финпол: Ошко мыйзамсыз күйүүчү май ташып келе жаткандар кармалды
Финпол: Ошко мыйзамсыз күйүүчү май ташып келе жаткандар кармалды
​Эртең 20-июлда күн +38 градуска чейин күн ысыйт
​Эртең 20-июлда күн +38 градуска чейин күн ысыйт
22 жаштагы жигит ымыркайын сатып жатканда кармалды
22 жаштагы жигит ымыркайын сатып жатканда кармалды
Президент Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова менен жолугушту
Президент Олимпиада чемпиону Татьяна Колпакова менен жолугушту
​Антонина Шевченко биринчи жолу UFC уюмунун рейтингине кирди
​Антонина Шевченко биринчи жолу UFC уюмунун рейтингине кирди
​Олимпиада чемпиону операция үчүн медалдарын сатууда
​Олимпиада чемпиону операция үчүн медалдарын сатууда
​Африка кубогу финалы: “Сенегал – Алжир”
​Африка кубогу финалы: “Сенегал – Алжир”
Бишкекте узундугу 36 метр болгон көпүрө салынып жатат
Бишкекте узундугу 36 метр болгон көпүрө салынып жатат
Аваз Акимов күндүн ысыгында Ысык-Көлгө концерт коет
Аваз Акимов күндүн ысыгында Ысык-Көлгө концерт коет
Айзуура Иманалиева: Биздин ген ушундай окшойт
Айзуура Иманалиева: Биздин ген ушундай окшойт
Назира Айтбекова: Далайдын жүрөк оорусу болом го
Назира Айтбекова: Далайдын жүрөк оорусу болом го
Зульфия Лансарова эмнени кыялданган?
Зульфия Лансарова эмнени кыялданган?
Самара Каримова: Көп тилде ырдоо планымда бар (видео)
Самара Каримова: Көп тилде ырдоо планымда бар (видео)
Ли Нак Ёндун сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду
Ли Нак Ёндун сапарынын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду