Балаңызды бактылуу кылып чоңойтуңуз

4-Май 2017, Бейшемби

Ар бир ата-эне баласына бакыт тилейт. Бирок, баланын бактысы эмне менен өлчөнөрүн билесизби? Үй толо оюнчук мененби же дүйүм таттуу мененби? Кичинекейдин бактылуу балалыкта өмүр сүрүүсү өтө маанилүү. Анткени, ал ийгиликтүү чоң жашоонун кепилдиги. Чындыгында бала өзүн бактылуу сезиши үчүн эмнелер керек? Чогуу талдайлы.


Бала төрөлгөндөн кийинки алгачкы айларда аны колго алуу өтө маанилүү. Кош бойлуулуктун тогуз айында бала энеси менен ажырагыс байланышта болот. Анан эле бир күнү төрөлөт да, апасынан бөлүнүп калат. Бул бөлүнүү оор болбоо үчүн балага такай апасы менен чогуу болуу, анын жылуулугун сезүү, жүрөгүнүн кагышын тыңшоо өтө зарыл. Бир гана энесинин колунда бала өзүн толук бойдон коопсуз сезет. Бул нерсе баланын калыптагыдай өнүгүүсү үчүн маанилүү.

"Көзүмө көрүнбөй жоголчу ары", "сен мени тажаттың", "сен мага такай тоскоол болосуң" деген сыяктуу фразаларыңыз сиздин балаңызды эч качан бактылуу кылбайт. Эки жаштагы балаңызга да оройлугуңузду көрсөтпөй, ар дайым назик, мээримдүү болуңуз.

Балаңыз 4 жашта болсо да аны сыйлаңыз. Тамактандырууда, кийим тандоодо, сейилдөөдө анын оюу менен эсептешиңиз. Аны менен бардык темада сүйлөшүп, калп айтпаганга аракет кылыңыз. 7-8 жашынан баштап күнүмдүк керектөөлөрү үчүн чөнтөгүнө акча салып бериңиз жана майда-чүйдө нерселерди сатып келүүгө, үй иштерине жумшаңыз. Сиздин мындай ишеним көрсөтүүңүздөн улам бала өзүн маанилүү, керектүү сезет.

Эң маанилүү адаттар - баланы көбүрөөк кучактоо жана өбүү. Кучактоо баланын өзүнө ишенимдүү болуп чоңоюшуна жол ачат. Ошондой эле үйдөн чыгып баратканда жана үйгө киргенде балаңызды өбүүнү унутпаңыз. Бул баланын "апам менен атам кетет, сөзсүз түрдө кайра кайтып келет" деген оюн бекемдейт.

Көбүрөөк убактыңызды балаңыз менен өткөрүүгө аракет кылыңыз. Ата-эненин сүйүүсүн, мээримин эч бир нерсе алмаштыра албайт. Кандайдыр бир иш таап, аны менен чогуу алектениңиздер. Ага ишенимдүү дос болуп, көбүрөөк жана ачык сүйлөшүңүз.

Ар кандай кырдаалда "сен кандай ойлойсуң?" деген суроо өтө маанилүү жана керек. Ал баланын өзүнүн оюнун калыптанышына жардам берип, келечекте чечкиндүү болуп чоңоюшуна жол ачат. Анан да анын оюу сиз үчүн баары бир эмес экенин көрсөтөт.

Баланы жазалоодо кызуулукка алдырбаңыз. Кол көтөрүү - баланы тарбиялоонун эң туура эмес жолу. Ата-энесинен таяк жеп чоңойгон бала чечкинсиз, жалтак болуп калат. А бул сапаттардын азыркы заман үчүн таптакыр эле кереги жок. Андыктан, жазалоонун жумшагыраак, адилеттүү жолун тандап алыңыз.

Балаңызды мүмкүн болушунча көбүрөөк жана ар бир майда жетишкендиктери үчүн мактаңыз. "Бул сенин колуңдан келет", "карачы, чоңоюп калыптырсың" деген фразаларыңыз менен балага дем берип туруңуз. Ата-эненин мактоосу баланы өзүнө ишенимдүү, бактылуу кылат. Анткени, бала ата-энесинин дайыма жанында экенин, ар бир баштаган ишинде алардын колдоорун сезип чоңоёт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!